28-ноябрь күнү Бишкектеги Улуттук госпиталда Медициналык академиянын окутуучусунун ассистенти, 25 жаштагы Санияз өз өмүрүнө кол салган. Анын мындай жолго барышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Саниязды жакындан билген кесиптеши өз ишине тың жигит болгонун айтат.
"Чынында, күтүлбөгөн нерсе болуп кетти. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жалпы хирургия, анестезиология жана реаниматология кафедрасында сабак берчү. Өз ишине тың, жумушун сүйгөн жигит эле. Аны мындай жолго барат деп эч ким ойлогон эмес. Эки жума мурун жолукканымда жакшынакай эле жүргөн".
Кесиптештеринин айтымында, Санияз Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктап, 2 жылдык ординатурадан өтүп жаткан. Келечекте анестезиолог болууну кыялданчу. Ал өздүк анкетасында көркөм адабий чыгармаларды көп окуй турганын жазган.