Бүгүн, 30-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк үй жаныбарларынын күнү белгиленүүдө. Бул күндүн урматына дүйнөгө белгилүү инсандардын сүйүктүү жаныбарлары тууралуу сөз кылабыз.
АКШнын учурдагы 44-президенти Барак Обаманын үй-бүлөсү да үй жаныбарларын жакшы көргөндөрдүн катарына кирет. Бирок кыздарынын бирөөсүнүн жаныбарларга аллергиясы бар болгондуктан, кайсы бир жаныбарды тандоо кыйынга турган. Андыктан дарыгердин кеңеши менен аллергия жаратуу мүмкүндүгү төмөн делген португалия суу итине токтолушкан.
Обамага белекке келген Бо аттуу күчүк бир нече жыл бою АКШнын биринчи ити деген сыйлуу наамды алып жүргөн. Андан соң Санни деген ит кошулуп, экөө Обаманын үй-бүлөсүн эле эмес, журналисттерди да сүрөткө түшүүгө шыктуулугу, сүйкүмдүүлүгү менен кубантып келишет.
Белгилүү боксчу Майк Тайсон тууралуу "келечектеги карьерасын тандоодо көгүчкөндөр себепчи болушкан" деген сөздөр айтылат. Өспүрүм кезинде андан бир топ улуу бейбаш жигит анын сүйүктүү көгүчкөнүн өлтүрүп салган. Ошондо ачууланган Тайсон ыза кылган жигитти сабап койгон. Бул окуядан соң ал бокс менен алектене баштаган. Бир топ жылдардан кийин ийгилик, байлыкка жетсе да, ал көгүчкөндөрдү экинчи орунга койгон эмес. Азыр да аталган канаттууларга арналган ток-шоу программаларына катышып келет.
Ошондой эле боксчу бир учурда бенгал жолборсторун да баккан. Үйүнүн айланасында сүйүктүү жаныбарлары менен жүргөн боксчуну көргөн достору таң калышканын жашырышкан эмес. Көпчүлүгү анын коопсуздугун ойлоп, "буларды сатып жиберсеңчи" деп чыгышкан. АКШнын Айыл чарба министрлиги Тайсонду жолборсторду атайын жайга тапшырууга милдеттендирбегенде, анын жырткыч жаныбарларга болгон сүйүүсү эмне менен аяктаары белгисиз болмок.
1988-жылы актёр Жорж Клуниге жакын курбусу Келли Престон өзгөчө породадагы, кара түстөгү чочко белек кылган. Актёр аны Макс деп атап, ал үчүн атайын кичинекей үй курган. Чочко Клуни менен 18 жыл чогуу жашагандыктан, актёр ага абдан көнүп калган. Жадакалса съёмкага кошо алып барып, досторунун жеке учактары менен эс алууга чыкканда да ала жүрчү. Ал гана эмес, уктоочу бөлмөсүндө да кээде түнөп калууга уруксат берген. Актёр берген маектеринде тамашалап, анын жалгыз жана чыныгы сүйүүсү Макс экенин айтканы бар. 2006-жылы сүйүктүү жаныбарынын өлүмүн ал оор кабыл алган.
Көз күйдүргөн бойдок актёр Леонардо Ди Каприонун жакындарынын тизмесине апасы, ишенимдүү достору жана бири-бирине окшош модель кыздардан тышкары ири көлөмдөгү таш бака кирери айтылат. Лео жандыкты көргөзмөлөрдүн биринде 400 долларга сатып алган. Салмагы 20 килограммдай. Таш бакалар 80 жылга жакын өмүр сүрүшөт, ал эми актёрдун таш бакасы жакында эле 10 жашка толгону маалымдалат.
"Күүгүм" тасмасынан соң дүйнөгө таанылган Голливуд актрисасы Кристен Стюарт үй жаныбары катары карышкыр менен иттин аргындалышынан алынган гибрид жаныбарды багат. Анын мындай тандоосуна кинодогу кубулма киши менен болгон романы таасир бергени тууралуу сөздөр бар. Кандай болгон күндө да, Кристен Жек аттуу итин жакшы көрөрүн, ага өз колу менен тамак жасап берерин айтып келет.