Бүгүн Пилдердин бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күндү майрам катары белгилөө демилгесин экологдор көтөрүп чыгышкан. Максаты - пилдерди ырайымсыз мамиледен коргоо жана алардын популяциясын сактап калуу. Майрамда түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, пилдер тууралуу кызыктуу маалыматтар берилип, алардын жашоосун чагылдырган тасмалар элге көрсөтүлөт.
Пилдерге болгон мергенчилик ушул күнгө чейин токтобой келет. Эгерде бул абалды өзгөртпөсө, 30-50 жылдын ичинде пилдердин Жер планетасынан жоголуп кетүү коркунучу бар экенин экологдор эскертишет.
30-ноябрга карата жылнаама.