Башкы прокуратура Токтогул районунун фондунун ишмердүүлүгүн текшерет

Токтогул ГЭСи курулганда Кетмен-Төбө өрөөнүнүн 33 миң гектар жери суунун астында калган. Ошондуктан мыйзам боюнча жылына өкмөт аталган аймакка компенсация төлөп турат. Ал каражаттар маанилүү социалдык мекемелерди курууга жумшалышы керек. Бирок учурда каражаттар кайда кетип жаткандыгы бизге белгисиз”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 22-апрелде ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Токтогул районунун акими Үсөнкул Шабданов билдирди. Анын айтымында, 1997-жылы токтогулдуктарга жардам берүү максатында өкмөттүн чечими менен Айыл чарба министрлигинин алдында атайын фонд түзүлгөн. Башында жылына 16 миллион сомдон каражат которулса, акыркы мезгилде ал каражат 43 миллион сомго чейин жеткен. “1997-2010-жылдары 311 миллион сом каражат түшсө, 2011-2012-жылдары 191 миллион сом топтолгон. Бирок ал акчанын жумшалуусу биз үчүн белгисиз бойдон калууда. Ошондуктан фондду Токтогул районунун өзүндө жайгаштыруу өтүнүчү менен кайрылганбыз. Элдин ал өтүнүчү ушул кезге чейин аткарылган жок”,- дейт ал. Жыйындын жүрүшүндө тармактык комитет тарабынан Башкы прокуратурага атайын фонддун каражатынын жумшалуусун текшерүү тапшырмасы берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан