"Бүтүн Кыргызстан" менен "Ата Журт" партияларынын лидерлери Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга каршы экенин бүгүн, 30-ноябрда маалымат жыйынында билдиришти.
К.Ташиевдин айтымында, 11-декабрда өтчү референдумдан кийин өлкөдө жакшы өзгөрүүлөр болбойт. "Буга чейин өлкөбүздө Конституцияны өзгөртүү боюнча бир нече референдум болгон. Тарыхыбыз көрсөткөндөй, Баш мыйзамды өзгөртүү бийликтегилердин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган. Эгер Конституцияны өзгөртсөк, анда негиздүү себеп жана жыйынтык керек. Мен келерки референдумда каршы добуш берем", - деди Ташиев.
Саясатчы Мадумаров да референдумга каршы экенин айтты. "Мен эң башынан бери бул референдум мыйзамсыз экенин айтып келем. Аймактарда Конституцияга кайсы өзгөртүүлөр сунушталып жатканын билишпейт. Бардык журналисттер жана депутаттар өзгөртүүлөрдүн маңызын түшүнүшпөйт. Өлкөбүздө шайлоолорду жана референдумдарды Борбордук шайлоо комиссиясы эмес, Тайырбек Сарпашев өткөрөт, анткени ал шайлоочулардын саны, шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалыматтар менен иштейт", - деди Мадумаров.