Бусурманкул Табалдиев Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев кол койгону тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирүү таратты.
Бусурманкул Табалдиев аталган кызматта 2015-жылдын ноябрынан бери иштеп келген. Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп иштеген.