Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет жетекчиси Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан кабарлады.
Эгемберди Эрматов аталган комиссияны 2013-жылдын апрель айынан бери жетектеп келген. Ага чейин 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты кызматын аркалаган.