Бүгүнкү күнгө карата 500 адамга 642 миллион сом суммасында ипотекалык насыя берилди. Маалыматты 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирип, программаны улантуу зарылдыгын айтты. Премьер-министр мурда өлкөдө мындай программа болгон эместигин белгилеп: "Бардык көйгөйдү бир күндө чечүүгө мүмкүн эмес, биз насыялар боюнча жылдык пайыздык үстөктөрдү 12 пайыздан 10 пайызга чейин түшүрдүк", - деди.
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун алдына ипотекалык насыя алуу шарттарын жана механизмдерин жеңилдетүү милдеттери коюлуп жатканын, "Жеткиликтүү турак жай" программасы бара-бара жакшыртылары айтылды.