Таластагы Батыш бажы бекетинен бир суткада 5 миңдей адам өтөт

"Таластагы Батыш бажы бекетинен бир суткада 5 миңге чукул адам, 1,2 миңдей жеңил авто унаа жана 35тен кем эмес оор жүк ташуучу унаа өтөт". Бул тууралуу аталган бекеттин башчысы Алмаз Мамбетов 22-апрелде билдирди. Айтымында, товарларды жана транспорттук каражаттарды казак-кыргыз аймактарына киргизип-чыгаруу “Чоң-Капка” кыргыз бажы бекетинде жана “Айша-биби” казак бекетинде жүргүзүлөт. “2010-жылы Кыргызстандагы окуялардан кийин казак тарап “Кичи-Капка” жана “Каркыра” бекеттерин жаап койгон. Ошондуктан бүгүнкү күндө бир эле “Чоң-Капка” бажылык посту иштеп жатат”,- деди Мамбетов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан