Ысык-Көл облусунун тургуну Михаил Камарский Бишкекте 5 жылдан бери жылуулук өтүүчү түтүктөрдү кучактап жашайт. Ал мындай жашоого жубайы менен кызы таштап кеткенден кийин туш болгон. Ал оор тагдырга кабылып, кыштын чыкыроон суугунда көчөдө түнөгөн таржымалын айтып берди.
"Башында жубайым менен жакшы жашап жаткам. Ал учурда бир аз спирт ичимдигин ичип койчумун. Кийинчерээк жумуш жок, кыйынчылык башталды. Оротодо кызыбызды окутуп, кийиндиргенге акча таппай калып жаттык. Ал тургай тамак-ашка тыйын таппай ачка калган күндөр болду. Мындан улам келинчегим экөөбүз урушчу болдук. Акча таппай кыйналып, достор менен байма-бай ичип келе баштадым. Бир жыл ичинде спирт ичимдигин ичпесем кармана албай турган абалга келдим. Ошол учурда жубайым менен кызым таштап кетишти", - деди Камарский.
Жылдын төрт мезгилинде таштандыдан нан таап жеп, калың кагаз (картон) күйгүзүп, отуна жылынып жашаган каарманыбыз учурда 40 жашта. Ал азыр баш калкалаар жери жок, борбор калаанын ар кайсы жеринде селсаяктык кылып жашап жүрөт.
"Бала кезде жакшы кыялдарым бар болчу, бирок анын бири да аткарылбай калды. Азыркы убакта жубайым Орусияда деп угам. Ал эми кызым турмушка чыгып, төрөгөнүн эжем айткан. Бир канча жылдан бери канымдан жаралган кызымды көрө элекмин. Неберемди жыттагым келет", - деп көзүнө жаш алды каарманыбыз.
Михаил анын бир тууган эжеси бар экенин айтат. Ал учурда Ысык-Көл облусунда жашайт. Эжеси аны беш жыл мурда үйүнөн кууп чыккан. Бүгүнкү күндө ал Сергей аттуу адам менен таанышып, бир жылдан бери дос болуп жүрөт. Ал экөө күн сайын таштанды тытып нан таап, жылуу кийим издөө менен алек.