Ноокат районунун Кырк-Көл дарыясынын жээгин мыйзамсыз казып жаткан ишкерге айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Курчап турган чөйрөнүн жана пайдалуу тоо-кен байлыктарынын экологиялык абалына рейд жүргүзүлдү. Анын алкагында кубаттуу техникалар менен Кырк-Көл дарыясынын агып жаткан нугун өз алдынча бузуп, казууларды жүргүзүп жаткан Жар-Коргон айылынын тургуну кармалды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кармалган жаранга административдик жоопкерчиликтин негизинде протокол толтурулуп, айып салынган. Мындан сырткары дарыянын жээгинен кум, шагыл алуу иши токтотулган.