Токтогул районунда 68 жаштагы жаран мыйзамсыз ок атуучу курал сактаганы үчүн кармалды

Токтогул районунда 68 жаштагы жаран мыйзамсыз ок атуучу курал сактаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 68 жаштагы Б.К. Токтогул районунун Кара-Тектир айылынын тургуну болот. Анын короосунан ок атуучу курал табылган. Анын куралга тиешелүү эч кандай документтери болгон эмес.

"Ушундай эле мыйзамсыз курал сактоо фактысы менен Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тургундары да кармалышкан. Алсак, Лейлек РИИБинин кызматкерлери тарабынан Ак-Булак айылынын 41 жаштагы Ж.Б. аттуу тургунунун үйүнөн ИЖ-18, ал эми Ысык-Көл ОИИБинин кызматкерлери Жети-Өгүз районунун 56 жаштагы Ж.А. аттуу тургунунун үйүнөн ИЖ-58 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табышкан. Учурда куралдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2016-11-30 20:53:13
:)мен дагы регистрация кылып коюшум керек окшойт .
+1
Baatur7777
2016-11-30 22:16:52
Rifle_I,))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан