Орусиялык ишкер Роман Абрамовичке (сүрөттө) таандык "Челси" футболдук клубу зордукталган жаш футболчуга жашыруун акча төлөп, жоопкерчиликтен качуу аракетин көргөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, клубдун академиясында балдардын зордукталганы боюнча ишти Британия полициясы жана Англиянын Футбол ассоциациясы иликтеп жатат.
Лондондук клубдун өкүлдөрү мурунку тарбиялануучусунун оозун жабуу үчүн жашыруун акча которгон. Жабырлануучу өспүрүм буга чейин клубдун скауту Эдди Хиттин сексуалдык кордук көрсөткөнүн айтып келген.
Которулган каражаттын суммасы белгисиз. Макулдашуу өспүрүм менен гана жүргүзүлүп, ата-энеси жана адвокат мындан кабардар эмес болчу. Жабырлануучу коркконунан эч кимге бул тууралуу ооз ачкан эмес.