Апрель баатыры Жоомартбек Дүйшембиев Кыргыз улуттук агрардык университетинде билим алган. Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу боюнча адис. Шаарыбыздын анык көйгөйлөрү: жол, тыгын, транспорт маселелерин беш колундай билет.
- 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуя менин турмушума чоң өзгөрүүлөрдү киргизди. Аянтка мен нааразылык көрсөтүп көпчүлүктүн шары менен чыксам, ооруканадан чыкканда, «жакасы башканын жаны башка» дегендей, өзүмдүн көйгөйүмдү жеке тартып калдым. Андан кийин мага окшогондор чогулуп, өз укугубузду коргоо максатында «Айкөл Ала-Тоо» коомдук уюмун түздүк. Буга чейин ар кимибиз көпчүлүктүн шары менен эле жүрсөк, эми өз пикирибизди айтып чыкканга үнүбүз бар, көз карашыбызды, өз укугубузду коргогон уюм болдук. Тажрыйбабыз жок, тамтаңдаган күндөр да өттү башыбыздан. Кыскасы, коомдук жумуш, саясий активдүүлүк деген «казанда» кайнап, акырында жасаган иши, көз карашы бизге төп келген СДПК менен тил табыштык.
Азыр өзүм каалап кирген СДПКнын мүчөсүмүн. Бишкек шаардык кеңешине партиянын тизмеси боюнча ат салышып жатып, "СДПКнын платформасында көрсөтүлбөгөн дагы кандай көйгөйлөр калды?" деген суроого жооп издеп, кынтык таппадым. Бардык көйгөйлөр жана андан кантип арылуу жолдору так, кыска, түшүнүктүү жазылган. «Асмандагы айды алып берем» деген апыртма жок. Ошондон улам мен СДПКнын тамыры элге сиңген, ал эми мүчөлөрү жергиликтүү бийликтен жогорку тепкичке чейин өз ишин билген адискөйлөрдүн командасы деген жыйынтыкка келдим.
Өзгөчө шаардын бюджетине митедей чап жармашкан көмүскө чөйрөлөр жөнүндө СДПКнын платформасында таасын айтылган. Маселен, мен муниципалдык базарлар, автоунааларды коюу жана автоунаа токтоочу жайлар мекемесинде бир аз иштеп, ичинен ирип жатканын өз көзүм менен көрдүм. Бишкек мэриясына караштуу мындай муниципалдык мекемелер толтура. Уурдоо, жалган отчёт жазуу жана башка аракеттери менен шаардын казынасына абдан чоң зыян келтиришет. Шаардын тургундарынын эсинде болсо керек, мурдагы мэр шаардын көчөлөрүнө токтогон автоунаалардан алынган акчанын дайынын таппай, акырында акча алууну токтотуп салган. Ошондо бир чуу көтөрүлдү. Кийин шаардын тазалык маселеси боюнча иш баштаганда «таштанды» мафиясы ачык каршы болду. Мындай көрүнүш жол, транспорт, курулуш жана башка тармактарды чырмооктой чырмап, ар биринин аркасында көмүскө кожоюндары отурушат.
Аткаруу бийлиги минтип алышып жатканда, БШКдагы СДПК фракциясы шаарыбыздын гүлдөп турган аянттарын мыйзамсыз кертип алгандарга каршы чыгып, сот аркылуу гүлбактарды шаардыктарга кайрып бергени мени шыктандырат. Эгер мен шаардык кеңешке өтүп калсам, партиялаштарымдын жолун улап, өзүм жакшы билген жол кыймылы жана коопсуздугу, коомдук транспорт көйгөйлөрү боюнча иш алып барам. Анан дагы Көлмө жаңы конушунда 1989-жылы башталып, ушул кезге чейин бүтпөгөн бала бакчанын имараты бар. 13 жылдан бери Көлмөдө жашаган тургуну катары ушул имараттын ишке киришине болгон күчүмдү жумшайм.
Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 30-ноябрь.