Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамды кабыл алды.
Өкмөттүн маалыматына караганда, 2017-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 126 миллиард 828,6 миллион сом өлчөмүндө, бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 150 миллиард 150,5 миллион сом өлчөмүндө каралууда. Ошондой эле 2017-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 23 миллиард 321,9 миллион сомду түзө турганы белгилүү болду. Бюджет тартыштыгын жабууга 23 миллиард 321,9 миллион сом көлөмүндө каржылоо булагы каралган.
Мындан тышкары 2018-2019-жылдарына карата республикалык бюджеттин кирешелери 129 миллиард 769,1 миллион сомду (2018-жылы) жана 138 миллиард 188,3 миллион сомду (2019-жылы) түзөт.
Белгилей кетсек, жыйынга премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.