ЖЫЛНААМА, 30-НОЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков 65 жашка толду

V, VI чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков 65 жашка толду. Ал 1951-жылы 30-ноябрда Ош шаарында туулган. 1977-жылы Анжиян пахтачылык институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1966-жылы Кыргыз ССРинин Турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Оштогу булгаары тазалоо конторасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
1973-1975-жылдары - Москва аскердик округунда аскер кызматын өтөгөн;
1979-1981-жылдары - Ош автобазасында башкы инженер;
1981-1984-жылдары - КамАЗ автомашиналарын тейлөө жана тетиктер менен камсыз кылуу борборунун Ош аймактык бөлүмүнүн директору;
1984-1991-жылдары - Ош обкомпартиясынын өндүрүш бөлүмүндө инструктор, Жалал-Абад обкомпартиясынын экинчи катчысы, Кыргызстан Компартиясынын БКнын иш башкаруучусу;
1999-2000-жылдары - Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2004-2005-жылдары - Дүйнөлүк банктын энергетика жаатындагы долбоорун жетектеген;
2005-жылы - Ош облусунун Элдик кеңешинин төрагасы;
2005-жылы - Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернаторунун милдетин аткарган;
2010-жылдын октябрында - "Ар-намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;
2015-жылдын октябрь айында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Депутат Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти, 5 баланын атасы.

30-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан