Депутат аба ырайы тууралуу интернеттеги маалыматтар ар түрдүү экенин "Кыргызгидрометке" айтып, нааразы болду

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев аба ырайы тууралуу интернеттеги маалыматтар ар түрдүү экенин "Кыргызгидрометке" айтып, нааразычылыгын билдирди.

"Интернетте өлкөбүздөгү аба ырайы тууралуу маалымат берген бир нече сайт бар. Карап чыксаң, 5 градуска чейин айырма байкалат. Эгер бирдиктүү маалымат болсо, туристтерге жакшы болмок. Бул сайттар менен келишим түзүп, бир маалыматты бергенге болбойбу?" - деп сурады депутат.

"Кыргызгидрометтин" өкүлү жооп бергендей, интернеттеги маалыматтар расмий маалымат эмес. "Бул маалыматтарды колдонууга мүмкүн эмес. Расмий маалымат биздин сайтыбызда бар. 2017-жылы жаңы ыңгайлуу порталды түзгөнү жатабыз", - дешти "Кыргызгидрометтен".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан