Премьер-министр өлкөдө электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөй турганын айтты

Өлкөдө электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөй турганын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун экинчи окууда талкуулоонун жүрүшүндө айтты.

Премьер-министрдин айтымында, электр энергиясы калкка үзгүлтүксүз берилет.

"Эгерде электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалыматтар болсо, бизге ыкчам түрдө маалымдоону өтүнөбүз. Учурда бизде калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бардык тийиштүү шарттар бар. Техникалык көйгөйгө байланыштуу авариялык өчүрүүлөр башка маселе, бирок кезек менен өчүрүүлөр болбойт", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, авариялык өчүрүүлөр орун алган кезде жоопкерчиликти "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BekAmir
2016-11-30 18:00:20
Жакшы жанылык
-1
Mongol1155
2016-11-30 18:22:11
Кок-Жарда тундо эле очту светинер.Калп айткандан уялышпайт.
-1
Kroxa
2016-11-30 19:37:01
Mongol1155,авариядан улам очсо керек же ондоо учурунда Караколдо деле очту кечее кундуз 1 сааттай авария болбой кундо очуруп атса горячий линяга чал...негизи кудай сактасын кар жааса деле авария болот да бак сынып бастырма сынып атат электр зымы эмес..
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан