Орусияга кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктардын тизмеси жарыяланат

Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарынын тизмеси жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин башчысы Эркин Асангулов билдирди. Анын айтымында, аэропортторго жана темир жол бекеттерине терминалдар орнотулуп, анда Орусияга кирүүгө тыюу салынган жарандардын тизмеси жарыяланат. “Тизмеге Орусиянын аймагында 2 же андан көп мыйзам бузган жарандар кирет. Кыргызстандын жарандары Орусияга барган соң 7 күндүн ичинде катталып, 90 күнгө чейин иштеп жаткандыгы тууралуу документ алышы керек”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан