"Чоң-Капка унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайында мамлекеттик чек араны бузган жаран кармалды

"Чоң-Капка унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайында мамлекеттик чек араны бузган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1974-жылы туулган К.Б. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайында тосмодон секирип өтүүгө аракет кылган. Анын документин текшерүү учурунда өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынганы белгилүү болгон.

Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан