Бүгүн, 30-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Саясат талаасында Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков бирикти. Бул кадамын алар "2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоого карата" деп түшүндүрүп, бир жылдан кийин боло турган жарышка үчөөнүн бирөөсү аттанарын ачыкташты. Жарышка кимиси түшөрүн азырынча сыр тутушту, талапкердин аты съездде айтылат. "Ата Журттун" 2 лидеринин коштоосунда келип, биринчи сөз алганына караганда, талапкер катары Мадумаров чыгат. 2017-жылы президенттик жарышка чыгарын ал буга чейин жарыя да кылган. Бүгүнкү маалымат жыйында үчөө элди ээрчитип кетчү, жок дегенде көңүлүн бура турган жаңычылдык сунуштай алышпады. Бул 3 саясатчы жана Өмүрбек Суваналиев өңдүү башка лидерлер бир партияга биригери айтылды, президенттик жарышка карата так программа, багыт партиянын съездинде кенен баяндалат. Бүгүн биригүүнүн максатын "Кыргыз Республикасынын жаркын келечеги үчүн" деген көнүмүш ураан менен түшүндүрүп, азыркы бийликтин кемчиликтерин айтууга көбүрөөк убакыт арнашты.
Ахматбек Келдибеков "эми ажырашпайбыз" дегенине карабай бул ынтымак мамиле көпкө узабасын айткандар бар. Бул саясатчылар 2012-жылы аймактарда Кыргыз Республикасын президенттик башкарууга өткөрүү өңдүү талаптар менен митингдерди уюштуруп жүрүшкөн. Ал кездеги тилектештик буларды бирдиктүү күчкө айланта алган жок, кийинчерээк өз алдынча кетишти. 2011-жылдан кийин президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып келген Мадумаров 2013-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалып, бир жылдай үн катпады. Негизи, Мадумаровдун башка саясатчылар менен биригиши кыйын. 2012-жылы интервьюларынын биринде ал "Ташиев менен бириктик" деп билдирүү жасаган, бирок эки саясатчы бириккенин иш жүзүндө далилдей алышкан эмес. 2014-жылы парламенттик шайлоого карата "Бүтүн Кыргызстан" менен "Бир бол" биригүү аракетин баштап, шайлоого аз калганда бул аракет токтоду. Бүгүн бириккен 3 саясатчы 2015-жылкы парламенттик шайлоодо бириге алышкан жок. Ташиев өлкөнү өнүктүрүүдө Өмүрбек Бабановдун идеялары ынандырганын айтып "Республика" партиясы менен тандем түзсө, Мадумаров олигарх Аскар Салымбековдун партиясы менен жарышка катышты. Ошондо айрым оппоненттери "Бүтүн Кыргызстандын" лидери айткан сөзүнөн кайтып, баары бир бай киши менен бириккенин сындашкан. Бир жыл мурун элге бүгүнкү биригүүнү элестетүү кыйындай туюлган эле. Мадумаров үгүт кампаниясы учурунда: "Камчыбек Ташиев менен эмнеге, кайсы максатты алдыга коюп биригишим керек? Менин "заправкаларым" жок. Курсагы ач бала курсагы ток бала менен ойнобойт", - деген. Бүгүн Ташиев менен биригүүгө максат табылды. Башкы кызыкчылык - президенттик шайлоо.
2017-жылы президенттик жарышка кимиси чыгышы мүмкүн? 2011-жылкы президенттик жарышка Адахан Мадумаров да (шайлоочулардын 14,7 пайыз добушун алган), Камчыбек Ташиев да (14,3 пайыз) катышкан, экөөндө тең мамлекетти башкаруу дымагы бар. Белгилүү болгондой, Камчыбек Ташиевдин өлкөнүн түштүк аймагында колдоочулары көп. 2010-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Журт" партиясынын, 2015-жылкы шайлоодо "Республика-Ата Журт" партиясынын алдынкы катарда парламентке өтүшү мунун далили. Убагында президенттик жарышка жалгыз аттанууга мүмкүнчүлүгү болгон, 2010-жылы Ош окуяларына аралашып, эл арасында жүргөнү үчүн Ташиевдин аброю күчтүү эле. Ошондуктан 2011-жылкы президенттик жарышта 3-орунду алган. Андыктан Мадумаров алдыдагы шайлоодо Ташиевдин электоратын пайдаланары турган иш. Анын үстүнө майданга жалгыз аттанып жыйынтык чыгара албасына Мадумаровдун 2010-жылкы парламенттик, 2011-жылкы президенттик шайлоолордо көзү жеткен...