Бишкекте сасык тумоого байланыштуу жабылган мектептердин саны 9га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкектеги №66-мектепте да окуучулардын 30 пайыздан ашыгы жугуштуу оорудан улам сабакка келбей жатышканы белгилүү болгон. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору аталган мектепке да карантин жарыялап, дүйшөмбүгө чейин жапкан.
Буга чейин №6, 12, 22, 28, 40, 57, 79, 61-мектептерде да окуу иштери 3-декабрга чейин токтотулган болчу. Мектептердин жабылуусуна сасык тумоо себеп болууда.