Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназияда окуучуну уурдоого аракет кылуу фактысы болгон эмес

Буга чейин интернеттеги социалдык тармактарда Гүлнара Касеновна аттуу аял өзүн Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназияда директордун орун басары экенин айтып, белгисиз адамдар окуучуну уурдоого аракет кылышканын билдирген. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда, окуучуну уурдоо фактысы болбогонун билдиришти.

Аталган гимназиянын директору Мурат Жумалиев: "Бизде андай кызматкер иштебейт. Мектепте коопсуздукту сактаган эки кызматкер бар. Алар дайым абалды көзөмөлдөп турушат. Окуучуну уурдоого аракет кылуу фактысы болгон эмес", - деди.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Гүлнара Касеновна аттуу аял Бишкектеги бир дагы мектепте иштебейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан