2016-жылы айылдарды таза суу менен камсыздоого 100 миллион сом бөлүнгөнү айтылды

2017-жылы "Таза суу" долбоорун ишке ашырууга республикалык бюджеттен 200 миллион сом каралган. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"2016-жылы айылдарды таза суу менен камсыздоого байланыштуу иштерди каржылоого республикалык бюджеттен болжол менен 100 миллион сом бөлүнгөн. 2017-жылга карата республикалык бюджетте бул сумма эки эсеге жогорулатылып, 200 миллион сомду түзгөн", - деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, учурда өлкө аймагында таза суусу жок айылдар бар. Тургундар сууну арыктан, туруп калган көлмөлөрдөн алууга мажбур. Мындан улам оорулардын саны да өсүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2016-11-30 19:05:52
биздин айылгада таза суу келен 3жылга жетпей кум толгон деп жатат канчалаган акча увал болду жооп берген эмес эчким
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан