2017-жылы электрондук форматтагы мамлекеттик менчиктин бирдиктүү тизмеси түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Бүгүнкү күндө колдогу мамлекеттик менчиктин санын тактоо боюнча иш жүрүүдө. Мүлктү инвентаризациялоо административдик имараттар, турак жай жана турак жайга тийиштүү эмес имараттар, жер тилкелери, бүткөрүлбөгөн объектилер, транспорт жана техника тармактары боюнча жүргүзүлүүдө. Учурда болжол менен 1150 ишкана жана мамлекеттик менчик объектилери эсепке алынган. Реестр жыйынтыкталып бүткөндө өлкөнүн ар бир жараны мамлекеттин кандай менчикке ээ экендиги тууралуу маалыматты ала алат", - деди Сооронбай Жээнбеков.