22-апрелде Бишкекте канадалык ишкананын өкүлдөрү менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негизин иштеп чыгуу келишимин бекитүүнүн жыйынтыктоочу этабы болду. Тендердик комиссиянын төрагасынын орун басары Жолдошбек Назаровдун айтымында, тендерден утуп чыккан канадалык ишкана аталган иштерди 5 миллион долларга даярдап, 5 ай ичинде ишке ашырууга белсенүүдө. Тендерге катышкан башка компаниялар ишти мындан да кымбат баага бүтүрүп берүүнү сунушташкан.