2012-жылы ТИМдин Консулдук кызмат департаментине мигранттардан 2200 арыз келип түшкөн

2012-жылы ТИМдин Консулдук кызмат департаментине чет жердеги мигранттардан 2200 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде аталган департаменттин башчысы Эркин Асангулов билдирди. Анын айтымында, арыздардын көпчүлүгүн Кыргызстандын жарандарынын чет жердеги маянасы, бузулган укуктары, депортация маселелери, мигранттарды ур-токмокко алуу, кырсыкка кабылуу жана өлүм тууралуу кайрылуулар түзгөн. "Көпчүлүк арыздар Орусияда жана Казакстанда иштеген кыргыз мигранттарынан келип түшөт",- дейт Асангулов.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан