Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун уулдарын машыктырган Абдулкерим Эдилов өз шакирттери тарабынан кымбат баалуу белек алды. 11 жаштагы Ахмад, 10 жаштагы Зелимхан жана 9 жаштагы Адам машыктыруучу Эдиловго Porsche авто унаасын ыйгарышты.
Орусиялык басылмалар кабарлашкандай, жакында эле машыктыруучу 24 жашка толгон. Ал мындай белекти күтпөгөнүн айтып, буларга токтолгон: "Рамзан Кадыров мени көп кырдаалда колдоп, жардам берген. Мен ага ыраазымын жана жакшылыктарын унутпайм. Ахмад, Зелимхан жана Адамдан мындай белек алам деп күткөн эмесмин. Алардын менин жашоомдо бар экени эле чоң белек".
Кошумчалай кетсек, Кадыровдун уулдары күрөш менен машыгып келишет. Жакында алардын эрежесиз эр мушташ боюнча мелдешке катышканы чоң чуу жараткан.