“Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчиси эмгек өргүүсүнө чыкты

"Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчиси Эмил Эшеналиев эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Жетекчи эмгек өргөөсүнө чыгуу менен тергөө иштерине жолтоо болбоо аракетин көргөн.

Башкы прокуратура буга чейин "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилигине Кылмыш-жаза кодексинин
221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Айта кетсек, аталган ишкананын Башкаруучулар кеңешинин төрагасы Эшеналиев чет өлкөлүк компаниянын интернетке болгон бааны жогорулатуу боюнча бир тараптуу талабынын негизинде келишим түзгөн. Анда "К.Т.К" жана "G.K.S.G" ишканалары менен интернеттин 1 мегабит секундасына 30 доллар төлөө макулдашылган. Ошондой эле жогорудагы эки ишканага 275 миң доллар ашыкча төлөнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан