2017-жылкы бюджеттин жарымынан көбү социалдык тармакты өнүктүрүүгө жумшалат

Мурунку жылдардагыдай эле 2017-жылдын республикалык бюджети да социалдык багыттагы бюджет болот. Бул тууралуу 30-ноябрда Жогорку Кеӊеште 2017-жылдын республикалык бюджети каралып жатканда белгилүү болду.

"Бюджеттин 50 пайыздан ашык каражаты социалдык тармакка, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо тармактарын өнүктүрүүгө жумшалат. Мисалы, билим берүү тармагына 2010-жылга салыштырмалуу 3,5 эсе көп каражат каралууда”, - дейт премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2017-жылдын республикалык бюджетинин жалпы кирешеси 126 миллиард 828 миллион 600 миң сом өлчөмүндө каралууда. Бул 2016-жылкы бюджеттен 2 миллиард 428 миллион сомго көптүк кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан