Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына “Ардак белгиси” төш белгисинин эскизин иштеп чыгууга сынак жарыялады.
Сынакка Кыргыз Республикасынын бардык каалаган жарандары катышса болот. Ал үчүн А4 форматындагы баракка түстүү сүрөт менен төш белгинин эскизин жана сыпатталышын берүү зарыл. Ар бир катышуучу сынакка үчтөн көп эмес эмгегин бере алат. Эмгектер мындан башка да бир катар талаптардын негизинде кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына “Ардак белгиси” төш белгиси кошо берилет. “Ардак белгиси” төш белгиси көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйлангандын ардак наамы бар болсо, Кыргыз Республикасынын ардак наамынын төш белгисинен кийин жайгашат.