Тажикстан чек арачылары кирип келип, эскертүү иретинде асманга ок чыгарышканын четке кагууда

Тажикстан талаштуу чек арага тажик чек арачылары кирип келип, эскертүү иретинде асманга ок чыгарышканын четке какты. Окуя 28-ноябрь күнү Баткен облусунун Миң-Өрүк айылында болгонун жергиликтүү тургундар кабарлашкан.

Тажикстандын Чек ара башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугходжаевдин "Азия Плюс" басылмасына 30-ноябрда билдиргени боюнча, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы туура эмес маалымат тараткан. Тажик чек арачылары өз аймагында жүрүшкөндө, чек арага жакын жерде кыргыз чек арачылары бир унааны токтотушкан.

"Белгисиз себептерден улам чыр чыгып, унаа ордунан жылганда, кыргыз чек арачылары 16 жолу асманга ок атышкан. Биздин чек арачылар жооп катары 3 жолу эскертүү огун чыгарышкан", - деген Улугходжаев.

Басма сөз катчысы унаанын мамлекеттик номери Кыргыз Республикасына таандык болгонун кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
admin_portal
2016-12-01 09:53:04
Kg.arts., Порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
admin_portal
2016-12-01 09:54:07
kani-esen, tin4a, провокациялык билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт!Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан