2016-жылдын башынан бери каттоо системинде 11 миллиондон ашуун документ электрондоштурулган

2016-жылдын башынан бери каттоо системинде 11 миллиондон ашуун маалым кат, документтер, жарандык абал тууралуу актылар электрондоштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер менен жолукканда айтты.

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн "Лидердик мектеп" тренинги өтүп жатканына 3 күн болду. МККнын төрагасы 2015-жылдын аягынан документтерди электрондоштурууга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жалданганын белгиледи.

"Электрондук өкмөт түзүү үчүн ар бир мамлекеттик орган өзүнүн базасында электрондук архив түзүшү керек. 2016-жылы 11 миллиондон ашуун документ электрондоштурулса, алардын ичинен 2 миллион 300 миңден ашууну ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгегинин жыйынтыгы. Аларга биз сапаттуу эмгеги үчүн ыраазыбыз. 2017-жылы Электрондоштуруу борбору ачылып, кызматкерлеринин жарымы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер болору, келерки жылы 20 миллион архивдик документ электрондоштурулары пландалган", - деген төрага.

Ошондой эле Токмок шаарындагы интернат менен келишим түзүлгөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chupa
2016-12-01 00:04:02
Жакшы долбоор, 15 жашында трансформатордон ток уруп,2 колу жок калган Самат бутунун манжалары менен компьютерде иштейт экен. Денсоолук эле болсо, мүмкүнчүлүктөр ушундай көп да. Майыптыгы бар адамдарга ыңгайлуу жумуш экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан