Ош шаарына жаңы мектеп курулат

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Ош шаарына курууну убада кылган мектептин курулуш иштери быйыл башталат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Жергиликтүү башкармалык билдиргендей, учурда мектептин долбоору аяктап калды. Мекемени куруу үчүн мэрия шаардын Черёмушка кичи районунан 2,5 гектар жер бөлүп берген. Билим уясы 500 окуучуга ылайыкталып, 2013-2014-окуу жылына ишке киргизүү пландалууда. Белгилүү болгондой, жаңы имараттын курулушун казак президенти Нурсултан Назарбаев каржыламакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан