Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү. Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач "Төрт-Г" деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.
Алгачкы жолу СПИД дарты героин колдонгон гемосексуал, гемофилик адамдардан байкалган (Төрт-Г). Натыйжада 1981-жылы конференция өткөрүлүп, коңгуроо кагылган. Ал убактагы чек арасынан чымчык да учуп өтө албайт деп эсептелген СССРде 1985-жылы эле чет элдик жарандан КИЖКнын (кишинин иммундук жетишсиздигинин козгогучу) биринчи учуру катталган жана маалымат өтө жашыруун сыр катары сакталып, ал ачык айтылган эмес. 1986-жылы америкалык айым каза таап, ал иммундук жетишсиздиктен каза болгондугу аныкталган. Натыйжада Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан СПИД боюнча глобалдык программа негизделген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму 1988-жылы 1-декабрды Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган. БУУ 1996-жылы СПИДге каршы "Бириккен программа" кабыл алган. Дал ушул жылы Кыргыз Республикасында КИЖК алып жүргөн эң биринчи учур катталган.
БУУнун "Бириккен программасынын" баяндамасы боюнча, 2009-жылы дүйнөдө 60 миллион адам аталган ооруга чалдыгып, 25 миллион киши каза болгон. 2008-жылы Жер шарында 430 миң ымыркай иммундук жетишсиздик, демек, СПИД менен төрөлгөн. Натыйжада 15 жашка чейинки КИЖК алып жүргөн балдардын саны 2,1 миллионго жеткен.
17 жыл аралыгында өлкөбүздө 5 миңден ашуун жаран иммундук жетишсиздигинин козгогучу менен ооругандыгы айтылууда. Ал эми 2005-жылга чейин Теңир-Тоо жергесинде СПИД менен ооруган адам жок деп эсептелсе, 2013-жылы алардын саны 57 адамды түзгөн. Алардын ичинен төртөө ушул дарттан каза болгондор. Кызыл лента СПИД менен күрөшүүнүн символу болуп эсептелет.
1-декабрга карата жылнаама.