Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында шахмат боюнча мелдеш өттү

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында шахмат боюнча мелдеш аяктады. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Биз жыл сайын майыптыгы бар өспүрүмдөр арасында шахматтык турнирлерди өткөрүп келебиз, быйыл да өткөрдүк. Өлкөнүн 6 аймагынан 48 бала катышты. Мындан ары да регулярдуу түрдө өткөрүп турууну пландап жатабыз", - деди Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова турнирдин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарын тапшырып, министрлик мындай иш-чараларды колдой турганын белгиледи.

"Оюндарга катышканыңар эле чоң жетишкендик. Силер күчтүү инсандарсыңар. Араңарда утулгандар жок, силер баарыңар жеңүүчүсүңөр жана мыкты сыйлыктарга татыктуусуңар", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан