Өлкөдө ВИЧ менен ооругандардын расмий көрсөткүчү 6983тү түзөт

Өлкөдө 2016-жылдын 1-ноябрына карата ВИЧ менен ооругандардын расмий көрсөткүчү 6983тү түзөт, анын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 6617ге барабар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"ВИЧке чалдыккандардын 1504ү каза болсо, эксперттердин пикиринде, ВИЧ менен жабыркагандардын саны өлкөдө 8100. Мындайча айтканда, 1200дөн ашыгы ВИЧ менен ооруганын билишпейт. Себеби бул инфекция өзгөчө байкалбайт, ден соолугу чың көрүнгөн адам да ВИЧке чалдыккан болушу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, 10 ай аралыгында ВИЧти жугузгандардын 56,6 пайызы жыныстык катнаш жолу менен жугузса, кан аркылуу 24,4 пайыз, белгисиз жол менен 16,6 пайыз, энесинен 2,1 пайызы жугузган.

ВИЧке кабылгандардын 66,4 пайызы 20-39 жаштагылар. Өлкөдө ВИЧ-инфекцияны аныктоочу 46 лаборатория бар.

"ВИЧти аныктоо үчүн аярлуу топтордо экспресс-тесттер жүргүзүлүп турат (баңгизат колдонгондор, сойкулук менен алектенгендер, эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер арасында). 2016-жылдын 8 айында республика боюнча 2933 адам тесттен өтсө, 20сында инфекция табылып, 7 адам ВИЧке чалдыкканы аныкталды",- деп билдирген басма сөз кызматы.

Бейтаптар ВИЧти дарылоо үчүн дары-дармектерди бекер алышат. 1-декабрга карата өлкө боюнча ретровируска каршы терапияны 2574 адам алат. Алардын ичинен 412си кичинекей балдар. Ал эми шприцти алмаштыруучу 37 пункт иштээри маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aidartegin
2016-12-01 13:48:05
Белгисиз жол менен дегени кандай??? Айтышпайбы дагы кандай жол менен жугат.......
+1
forever88
2016-12-01 16:17:19
aidartegin,белгиси дегени, мисалы ВИЧ инфекциясы менен катталган учурда ага эпидемиологиялык изилдоо жургузулот (кандай жол менен жуктурганын сурашат). Кээ бирлери эч ким менен жыныстык катнашка барган эмесмин, наркотика колдонбойм, мед мекемелерге кайрылган эмесмин, тату, маникюр, педикюр жазаткан эмесмин деп жашырып айтышпайт. Ошону кандай жол менен жукканы белгисиз жол дешет
0
forever88
2016-12-01 16:20:45
aidartegin,негизи 3 жол менен жугат жыныстык, эмнеден балага боюнда бар кезинде жана эмчек суту аркылуу жана кан аркылуу (парентерлалный) аркылуу
0
kalima88
2017-01-30 17:53:35
Аты жаман оорулардан Кудайым озу сактасынчы,окуп эле коркосун киши.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан