ЖКдагы 120 депутаттын арасында 2 студент жана 1 кесиптик орто билимдин ээси бар
V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын билими, илимий даражасы тууралуу маалымат жарыяланды. ЖКнын азыркы чакырылышындагы 120 депутаттын ичинен 5 депутат - илимдин доктору, 13 депутат - илимдин кандидаты, 11 депутат үч же андан көп жогорку билимге, 32 депутат эки жогорку билимге ээ, ал эми 74 депутаттын бир жогорку билими бар. Ошондой эле учурда 2 депутат жогорку окуу жайында окуусун улантууда, 1 депутат кесиптик орто билимге ээ.