Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында 300 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралууда (фото)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 30-ноябрь күнү Кара-Суу айылынын батыш тарабында жайгашкан Аралбай-Саз тилкесинде жер алдынан чыккан суулар тоңуп, муз катмары пайда болгон. Мындан улам болжол менен 300 турак үйдү суу каптап калуу коркунучу жаралган. Муз катмары каптаган тилке менен турак жайлардын аралыгы бүгүнкү күндө болжол менен 250-300 метр.

"Үйлөрдү каптап кетүү коркунучун алдын алуу максатында ӨКМнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 500 даана кап бөлүнүп берилди. Аралбай-Саз тилкеси Жарандык коргонуу комиссиясынын көзөмөлүндө турат. Каптарды тизүү иштерин Кара-Суу айыл аймагынын ыктыярдуу топторунун күчү менен жүргүзүү пландалууда", - деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан