Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер силкинүү 30-ноябрь күнү саат 20:52 чамасында Сузак районунун аймагында болгон. Анын күчү очогунда 3 баллга жеткен. Ал эми жер титирөө Ара-Көл, Канжыга айылдарында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор жок.