Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагында окуучулар жарым кылым мурда малчыларга салынган үйдө окушат

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагында окуучулар малчыларга курулган үйдү мектеп катары пайдаланышат. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда SUPER.KG порталына Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мурзабек Акматалиев билдирди.

"Жаңы-Арык айыл аймагында Каныбек Абдылдаев атындагы мектептин курулушу үчүн 58 миллион сомго тендер өткөн. 2015-жылы 275 орундуу мектептин пайдубалын түптөөгө жери казылган эле, бирок курулуш бир жылдан бери токтоп калды. 2016-жылы таптакыр каражат бөлүнгөн жок. Биз тиешелүү кызматтарга бир канча жолу кат аркылуу кайрылуу жасадык. Балдар Советтер Союзу учурунда, 1966-1967-жылдары малчыларга жатакана деп салынган, эскилиги жеткен үйдө окуп жатышат. Бул абдан кооптуу. Имараттын курулганына 50 жыл болду", - деди Акматалиев.

Маалыматка ылайык, аталган мектепте учурда 400дөн ашуун окуучу окуйт. Ал эми ошол эле айылда Ак-Терек орто мектеби да эскилиги жетип, кулап калуу коркунучунда турат.

"Ошол эле айыл аймактагы Ак-Терек мектебинде 145 окуучу окуйт. Окуучулар имаратка батпай жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мектеп авариялык абалда деген чечим чыгарып берген. Ага карабай окуу уланууда. 2015-жыл билимкананы курууга 24 миллион сомго тендер өткөн. Кийин 2 миллион сом бөлүнүп, ошол боюнча каражат берилбей калды", - деп кошумчалады Акматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tynara81
2016-12-01 13:51:43
Айтаарга сөз таппай калдым. Айта берип да тажадык окшойт... Ушуларды неге көргүсү келишпейт... Өздөрүнө особняк салуу менен убарабы же... Карыз алгандан коркпошубуз керек деп койот дагы. Алган карыз керек жерге жетпей жатпайбы ...
0
TPUMOl
2016-12-01 14:16:14
Эхх, Атка минерлер эй, жанды кейитип буттунор го!
+1
nurzada78
2016-12-03 20:45:59
Мен окуган мектеп,атындан кагылайын алтын мектебим!Менин балалык,окуучулук кездерим калган мектеп!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан