Өрт өчүрүүчү тик учак сатып алуу маселеси чечилбей жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы күрөшүү агенттигине өрт өчүрүүчү тик учак сатып алуу маселеси чечилбей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы күрөшүү агенттигинин директору Нуржан Осмоналиев билдирди.

"Буга чейин тик учак сатып алуу боюнча маселе көтөрүлгөн, бүгүнкү күндө бул иш чечилбей келет. Сатып алуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына да сунушталган, бирок каражаттын жоктугунан алынбай жатат. Ал эми Коргоо министрлиги тарабынан тик учак берилет деп айтылган эле. Алардан да дайын жок болууда", - дейт Осмоналиев.

Маалыматка ылайык, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде бир да тик учак жок. Буга чейин алынып келинген тик учактын пайдалануу мөөнөтү бүтүп, колдонулбай жатат.

"Министрликтин карамагында турган тик учакты оңдоп-түзөөдөн өткөрөлү деп пландаганбыз. Каражат жок оңдолбой жатат. Бул учак өрт өчүрүүгө ыңгайлаштырылган эмес. Ал жөн гана жүк жеткирүү, куткаруу сыяктуу иштерде колдонулат", - деп билдирди Өзгөчө кырдаалар министрлигинин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Keremet008
2016-12-01 10:47:39
Эгер алынса бир жакшыыы кишиге жумуш табылып калат экен да. Андан да олбогон учурда 20000с шапка алып анан ишке орнотушат
-1
ularik_kg
2016-12-01 10:52:21
Эн негизи элге тийсин пайдасы
+2
aikokul14
2016-12-01 11:12:28
Ушуга окшогон пайдалуу нерсе сатып алгылачы,депутаттарга кресло сатып алгандан пайда жок,силерге койсо сатып албасанар,коншудан курок сурап тургандай эле,орт болсо Казакстандан,Россиядан сурап журо беребизби.
+5
Atai13
2016-12-01 12:14:53
Уят эле дагы деле жокбу качан онолот биздин олко
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан