Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков "Кыргызтелеком" ишканасынын Башкаруучулар кеңешинин төрагасы Эмил Эшеналиевди кызматтан алуу тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мэлис Мамбетжановго тапшырма берген.
Буга чейин Башкы прокуратура "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилигине Кылмыш-жаза кодексинин
221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Кылмыш ишинин козголушуна чет өлкөлүк компаниянын интернет үчүн бааны жогорулатуу боюнча бир тараптуу талабынын негизинде келишим түзүлгөнү себеп болгон.