Депутат Алмазбек Эргешов Сары-Челек көлүнө барчу жолду оңдоону сунуштады

Парламенттин 1-декабрдагы жыйынында депутат Алмазбек Эргешов Сары-Челек көлүнө барчу унаа жолун оңдоону сунуштады. Депутат аталган жолдун абалы туристтерди качырышы мүмкүн экенин айтты.

"Өлкөнү өнүктүрүүдө туризмдин ролу чоң. Туристтерди тарта турган аймагыбыз Ысык-Көл эле эмес, Аксы районундагы Сары-Челек коругу бар. Бул жерге жылына 20 миңдей турист келет, аймактагы жашоочулардын турмушун жакшыртууга салым кошушат. Бирок туристтер коруктун табиятына канчалык суктанышса, жолдун начардыгына да ошончолук нааразы болуп кетишет. Эгемендүүлүк жылдарында аталган аймакта 1 чакырым гана жол курулду. 20 чакырым жол оңдоого муктаж, өкмөт бул маселени чечип берсе жакшы болмок", - деди Эргешов.

Депутат Аксы районунун 3 айыл өкмөтүнүн аймагында интернет байланышы начар болуп жатканын да айтып, бул көйгөйдү чечүүгө тийиштүү органдарды көңүл бурууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан