Бишкек-Кашкар-Үрүмчү жана Ош-Кашкар-Үрүмчү эл аралык жүк ташуучу каттамдары ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"10 жылдан бери ата мекендик жүк ташуучулардын Үрүмчүгө чейин жүк ташуу маселеси чечилбей келген. Транспорт делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Үрүмчүгө чейин расмий түрдө Бишкек-Кашкар-Үрүмчү жана Ош-Кашкар-Үрүмчү эл аралык жүк ташуучу каттамдары ачылды. Каттамды ачуу үчүн айдоочулар Кытай компанияларына кайрылышы керек болчу", - деп айтылат маалыматта.
Эми Кыргыз өлкөсүнүн айдоочулары каттамда жүргөндө Кытайдын мыйзамдарын сакташы керек, мыйзам бузулса, Кытайдын мыйзамдарына ылайык жооп беришет.