Ирандын Мешхеде шаарында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар
курама командасы Азия чемпиондугунун тандоо туруна катышуу үчүн беттеш өткөрөт.
Анда 14 жаштагы мекендештерибиз “D” тобундагы командалар менен 4 ирет таймашат. Айта кетсек, бүгүн, 23-апрелде Түркмөнстан, 24-апрелде Индия,
26-апрелде Пакистан жана 28-апрелде Ирандын командалары менен кыргызстандыктар күч сынашат. Мелдеш аталган өлкөнүн "Самен Аль-Аим" стадионунда орун алат.