Сауд арабиялык миллиардер аялдарга унаа айдоого уруксат берүү керектигин айтып чыкты

Сауд арабиялык миллиардер, падышанын жээни, канзаада Аль-Валид ибн Талал аль-Сауд аялдарга унаа айдоого уруксат берүү талабын айтып чыкты. Бул тууралуу ал Твиттердеги өздүк баракчасы аркылуу билдирген.

Анын айтымында, аялдардын унаа айдоосу экономикалык жагдайлардан улам келип чыккан социалдык талап болуп калды. Ошондой эле ал мындай тыюу салуу эркектер үчүн оор болуп жатканын, жубайларын бир жакка жеткирүү үчүн эркектер жумуш ордун таштап кетүүгө мажбур болуп жатышканын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Аль-Валид Сауд Арабияда эч кандай саясий кызматты ээлебейт, бирок дүйнөгө ийгиликтүү ишкер катары белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kani-esen
2016-12-01 13:27:04
Не аравияда аялдар машина айдабачу беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан