Бүгүн, 1-декабрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жыл сайын өтүүчү жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берип жатат. Ал тышкы саясат тууралуу суроого жооп берип жатып:
"Кыргыз мамлекетинин стратегиялык өнөктөштөрү Орусия жана Кытай болушу керек. Саясат жагынан алсак, парламенттик демократия куруп жатканыбыздан улам бизге Европа өлкөлөрү жакын. Ал эми коңшу мамлекеттер менен ынтымакта жашашыбыз керек деп ойлойм", - деди.