ЖЫЛНААМА, 1-ДЕКАБРЬ: 150 жыл мурун аты дүйнөдөгү эң бийик чокуга ыйгарылган географ Жорж Эверест көз жумган

150 жыл мурун, 1866-жылы 1-декабрда геодезчи, аты дүйнөдөгү эң бийик чокуга ыйгарылган географ Жорж Эверест көз жумган.

Ал 1790-жылы 4-июлда Уэльс мамлекетинде төрөлгөн. 16 жашында аскердик окуу жайын аяктап, Индияга аскердик кызмат өтөөгө жиберилген. Ал жакта Эверест геодезчилик кызматты аркалап, 1814-жылдан 1816-жылга чейин Ява аралына экспедицияга жиберилген.

1818-жылдан тарта Уильям Лэмбтон менен бирге иштеп, Индиянын геодезиясын жана картографиясын жаңы деңгээлге көтөрүүгө жетишкен. Ж.Эвересттин башчылыгы алдында Гималай тоолорундагы чокулар аныкталып, бирок алардын бийиктиктери өлчөнгөн эмес.Дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусу

1843-жылы полковник чининдеги Ж.Эверест отставкага кетип, Англияга кайтып барат. Ал жактан үйлөнүп, 6 балалуу болот. 1861-жылы сэр титулун алып, бир жылдан кийин Падышалык географиялык коомдун вице-президенти болуп дайындалган.

1852-жылы окуучусу Эндрю Во устаты Эверест тарабынан табылган Гималай тоолорунун бийик жерлеринин бийиктигин өлчөп, андагы чокулардын бири дүйнөдөгү эң бийик чоку экендигин аныктаган. 1865-жылы Жорж Эвересттин караманча каршы экенине карабай бул чокуга анын ысымы ыйгарылган.

1-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан