Өзбекстанда 53 миңден ашуун жаран өлкө башчысын алдын ала шайлоого катышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Өзбекстанда өлкө башчысын алдын ала шайлоо 24-ноябрда башталган. Шайлоонун жүрүшү 2-декабрга чейин улантылат. 4-декабрда шайлоого катыша албаган адамдар бүгүнкү күндө жер-жерлерде алдын ала шайлоолорго катышууда. Маалым болгондой, өлкө башчысын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-декабрына белгиленген.
Эске салсак, Өзбекстан Республикасынын өлкө башчылыгына Сарвар Отамуратов, Шавкат Мирзийоев, Хатамжон Кетмонов жана Нариман Умаров аттуу саясатчылар ат салышууда.